Өкмөт кризиске каршы жети пункттан турган план иштеп чыкты. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өкмөттүн 24-марттагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, планды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 126 млрд сом бөлүнөт. Бул сумма дагы көбөйтүлүшү мүмкүн. Буга кошумча 7,2 млрд сом чакан бизнеске насыя берүүгө жумшалат.
Кризиске каршы план жети багыттан туруп, 51 иш-чара өткөрүү пландалды. Анын алкагында, Мамлекеттик материалдык резервдик товарларды сатып алууга 2,2 млрд сом бөлүнөт. Азык-түлүктүн дефицит болбошу үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралат.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча бир нече токтом кабыл алынган. Анын ичинде ундун жарым жылдык запасы бар. Өлкөдөгү 30 ун өндүрүүчүнүн 25и толук иштөөдө.
Кумшекердин 19,5 миң тонна кору бар, ал орто эсеп менен июнь айына чейин жетет. Дагы кошумча алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Өкмөт 22-мартта айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу чектөө киргизди. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, буудай, меслин, ун, өсүмдүк майы, кумшекер, күн карама, жумуртка, уй этин ЕАЭБ аймагынан тышкары жактарга экспортоого алты айлык тыюу салынды. Ошондой эле бул азыктарды импорттоодо кошумча нарк салыгы алынбайт.
Мындан тышкары малдын тоютун (чөп, саман сыяктуу), жемин (арпа, сулу сыяктуу) бир да өлкөгө алып чыгууга болбойт.
Буга чейин Орусия Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салган. Орусиянын бул чечиминен кийин Кыргызстанда бул азыктар кескин кымбаттап кеткен.