Connect with us

Акылбек Жапаров: Мал базарлардын аймагына асфальт төшөлсүн

Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 1177 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-мартта президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрдү.

Ал жыйында сөз сүйлөп жатып, Айыл чарба министрлигинин иш күндөрү бодо малды жана майда малды сатууну токтотуу демилгесин сынга алды.

«Эмне үчүн элди оокат кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатасыңар? Базарларда шарт түзүүнүн ордуна сооданы таптакыр жокко чыгаруу туура эмес. Бардык мал базардын аймагына асфальт төшөңүздөр. Жаздын келиши менен ал жердеги ылайда жүрүү мүмкүн эмес болуп калат. Бирок элдин айласы жок, ушундай антисанитардык шарттарда иштөөгө туура келүүдө. Ошондуктан аймактардагы мал базарларды иретке келтирүү зарыл. Келиңиздер, ишибизди чын ыкласбыз менен аткарып, мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берели», — деди Акылбек Жапаров.

Жапаров мындан тышкары, аймактардын каржылык өз алдынчалыгына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Керектелген электр энергиясы боюнча милдеттенмелер жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке которулуп, ар бир облуста жетиштүү капиталы бар өнүктүрүү фонддору түзүлүп, айыл өкмөттөрдүн ыйгарым укуктары кеңейтилди.

Жапаров кошумчалагандай, социалдык инфраструктураны өркүндөтүү, аймактарды көрктөндүрүү, айыл чарба өндүрүшчүлөрүн үрөн жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулушу керек.

«Фермерлерге сапаттуу үрөн сатып алууга мүмкүндүк берип, бардык ирригациялык тармакты жана сугат каналды даярдоо керек. Бул — мамлекеттин жарандарды колдоо милдети. Ар бир кайрылууну жеке көзөмөлүңүздөргө алып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр өз учурунда жана сапаттуу жүргүзүлүшүнө басым коюңуздар. Орчундуу көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун калк менен түзмө-түз талкуулап, ар бир кадамыңыздар элдин көз алдында ачык болушу керек. Ушундай жол менен гана калктын аткаруу бийлик органдарына болгон ишенимин актай алабыз», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM