Connect with us

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында үч маал «Манас» айтылат

Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 391 | 0

Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында үч маал «Манас» эпосу айтылып турат. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» жана Чынгыз Айтматов академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев «Маралга» билдирди.

Бакчиевдин айтымында, бул демилге мамлекеттин 2022-жылдагы программасына киргизилген. Аны ишке ашыруу милдети өзү жетектеген академия менен Бишкек шаардык мэриясына жүктөлгөн.

Учурда атайын адистер менен такташуулар болуп жатканын белгиледи Бакчиев. Себеби үн жаңыртуучу жабдууну аянтка орнотууда атайын иликтөө, айталы, желдин жүрүшү, төрт мезгилдеги аба ырайынын таасири, үндүн таралуу мейкиндиги, аппараттын бийиктиги, коюла турган орду сыяктуу маселелер тыкыр иликтениши зарыл.

Ошол эле учурда жабдууларды Орусиядан алдыруу мерчемделгенин, бирок кырдаалга байланыштуу ал качан келери белгисиз экенин айтты. Анын үстүнө жабдууну сатып алуу, орнотуу, толкунга кошуу чоң каражатты талап кыларын да кошумчалап өттү.

Бул демилге ишке ашып калса, «Манас» эпосу Саякбай Каралаевдин айтуусунда күн сайын үч маал 5 мүнөттөн жаңырып турат. Үн чыгаруучу жабдууну аянттагы Манастын айкелинин жанына орнотуу каралган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM