Connect with us

Португалия: Тарыхта биринчи жолу аял киши коргоо министри болду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 249 | 0

Португалиянын премьер-министри Антонио Кошта өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялады. Кошта жетектеген аткаруу бийлигинде көпчүлүк кызматты аялдар ээлегенин «Синьхуа» агенттиги жазды.

Атап айтсак, өлкө тарыхында биринчи жолу коргоо министри болуп аял киши — Елена Каррейрас дайындалды.

17 министрлик, 38 комитеттен турган Португалиянын 23-өкмөтүнүн курамын президент Марсело Ребело де Соуза бекитип берди. Эми алар 30-мартта парламентте ант беришет.

Өкмөт башчы Коштанын айтымында, жаңы өкмөт ар түркүн билим адамдарынан куралып, күчтүү саясий өзөккө ээ.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM