Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Кыргызстандын эң чоң утулушу да, жеңиши да Кумтөр болду

Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 494 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткаруу бийлигинин 24-марттагы жыйынында Кумтөр маселесин козгоду.

Ал Кумтөр маселеси эч качан күндеминен түшпөй турганын айтып, анын себептерин түшүндүрдү.

«Биринчиден, Кумтөр – Кыргызстандын эгемендигиндеги эң биринчи ири жеңилүүсү деп айтсак болот. Ошол кездеги бийлик моралдык жактан жеңилген. Ал кезде эл аралык деңгээлде келишимдерди түзүү боюнча биздин тажрыйбабыз да, билимибиз да болгон эмес. Советтик адамдын стандарттарына ылайык келбеген эбегейсиз чоң акча өлкөнүн башкаруучу элитасын тез эле бузуп жиберген. Ошондон кийин эч бир башкаруучу режим бул тузактан чыга алган жок. Кыргызстандын улуттук байлыгынан баары өз үлүшүн алып турган жана элге күкүмдөрүн калтырган. Өзгөртүүнү каалагандар эл аралык келишимдердин талаптарына жана саясий эрктин жоктугунан эч нерсе жасай алган эмес», — деди Акылбек Жапаров.

Экинчиден, Акылбек Жапаровдун пикиринде, Кумтөр Кыргызстандын 30 жылдык эгемен тарыхындагы эң чоң жеңиш катары бааланат.

«Кумтөрдүн элге кайтарылышы эгемен өлкөнүн көз карандысыз кабыл алган чечими болду. Бизди көп сындашты, дагы сындай беришет, бирок биздин башка тандообуз жок болчу. Кумтөрдүн элге кайтарылышы менен биздин экономика эселеп өсүүгө үмүт берди. Өлкөнүн башына кандай сыноо келсе да туруктуу байлыгыбыз бар экенин билебиз», — деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкө алтынга гана таянбай турганын, коррупцияга каршы күрөш токтоосуз уланарын айтты.

Коррупция менен күрөшүүдө бажыдагы салыктык бузууларга басым жасалат.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM