Connect with us

Депутат: Март окуясы ар бир бийликке эскертүү

Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 276 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 2005-жылдагы Март окуясы боюнча пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, эл 2005-жылдын 24-мартында Акаевдердин үй-бүлөсүн кууп, авторитаризмди, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну токтотуу үчүн чыккан.

«Акаевдер 15 жыл мамлекетти башкарып, коррупцияны жайылтып, мамлекеттик мүлктү бир тыйынга менчиктештирип, аксылыктарды атууга чечим чыгарып, Кумтөрдү сатты, натыйжада 17 жылдан кийин Аскар Акаев эч нерсеге күнөөлүү эмес болуп чыкты. Бийликке 24-марттагы окуя эл ар дайым адилетсиз башкарууга каршы чыга аларын эскертиши керек», — дейт депутат.

Дастан Бекешев азыркы бийлик мурдагы президент Аскар Акаевди актап, бардык күнөөнү Атамбаевге коюу менен өлкөнүн тарыхын бурмалоону каалап жатышканын белгиледи.

Садыр Жапаров Март окуясына байланыштуу кайрылуу жасады

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM