«Балыкчы — Кочкор» темир жолун курууга даярдык башталганын «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы кабарлады.
Маалым болгондой, учурда төмөнкү иштер аткарылып жатат:
- жерди казуу жана алып салуу;
- шагыл менен кайра толтуруу;
- дренаждык жумуштар;
- темир-бетон шпалдарын төшөө үчүн шагыл жайгаштыруу;
- жебе котормосун жайгаштыруу.
Жакынкы арада «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушунун расмий ачылышы өтөрү болжолдонуп жатат.
«Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун жалпы узундугу 186 километрди түзүп, алгачкы этапта 63 чакырымына, тагыраагы, «Балыкчы — Кочкор» тилкесине темир жол төшөлөт.
Бул жол бүтсө, Бишкек шаарына Кара-Кеченин көмүрүн арзан баада жеткирүүгө шарт түзүлөт.