Биз менен байланышыңыз

«Максатсыз митинг»: Орусияны колдогондордун кезектеги акциясы өттү

Коом | 22 Мар 2022 | 483 | 0

Бүгүн, 22-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта «Орусия-Кыргызстан: достугубуз кылымдарга» аталышындагы акция өттү. Ага колуна Кыргызстан менен Орусиянын желегин, ар кандай ураан-чакырыктары бар баракчаларды көтөргөн 100гө жакын адам катышты. Акцияга келгендер Орусия тарыхый адилеттик үчүн күрөшүп жатканын айтышат. Ал эми эксперттер мунун мамлекетке зыяны тийип калышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

«Кыргызстан – Орусия: достугубуз кылымдарга» деп аталган акцияга Бишкектин 100гө жакын тургуну катышты. Алар колдоруна «Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз», «Батыштын саясатынан жыргабайбыз», «Элди бөлбөгүлө» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Митингге чыккандардын бири, саясат таануучу Токтогул Какчекеев акцияга катышуу себебин өткөн тарых менен байланыштырды.

«1861-жылы бабаларым Кокон хандыгынын кордугуна, баскынчылыгына чыдабай, орус империясынын курамына кошулган. Ошондон бери орустар менен биздин мамилебиз түзүлүп калган. Андан кийин орус революционерлери менен биргеликте кыргыз мамлекети орноду. Ошол орногон мамлекетте жашап, өнүгүп жатабыз. Бүгүнкү күндө Орусия фашизмге жана милитаризмге каршы Батыш мамлекеттерине, АКШга жалгыз туруштук берип, бүткүл КМШ элинин келечегин түптөө үчүн өзүнүн жоокердик ишин аткарып жатат».

Орусияны колдоо акциясы өткөн жуманын соңунда Ош шаарында да өткөн. Анда да катышуучулар колдоруна «Кыргызстан батыштын колониясы эмес», «Биз Орусия менен», «Биз мигранттар менен», «Батыштын саясаты — элдин азабы», «Орусиянын коопсуздугу — биздин коопсуздук» деген жазуусу бар транспаранттарды көтөрүп, 2-3-сааттан соң тарап кетишкен. Митингди өткөрүүгө Ош шаардык мэриясы уруксат бергени маалым болгон.

Бишкекте өткөн акцияга Коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова да келген. Анын пикиринде, Украинада салгылашып жаткан орус армиясынын курамында кыргызстандыктар да бар. Акцияга келүүсүнүн максаты «атайын операцияга» катышып жаткан кыргыздарды колдоо экенин айтты.

«Бүгүнкү күндө Орусиянын армиясында кыргызстандыктар да бар. Кыргыздын балдары Орусиянын жарандыгын алышкан. Алар бир нече жолу «Фейсбукка»: «Ал жердеги орус армиясынын арасында биз да барбыз», — деп жазышкан. Алар бүгүн Украинанын бандера-фашизмин жеңип бара жатышат; алар Украинаны тазалап жатышат. Орусия 8 жылдан бери Минск келишимине тынчтык менен макул болгон жок. Алар 25инде Америка баш болуп, Донецк, Луганск, андан тышкары Крымга кол салышмак экен. Орус армиясы бир күн эрте баштап койгон. Ошол үчүн бүгүн Орусияны, армиясын колдойбуз. Тезирээк фашизмди жеңсин!»

Ал арада жалпыга маалымдоо каражаттары Орусияда аскердик кызмат өтөгөн 20 жаштагы жигит Украинадагы согушта курман болгонун жазышты.

Маалым болгондой, 2002-жылы туулган катардагы жоокер Э.Ж. март айынын башында эле каза тапкан. Түпкү жерлиги Ысык-Көл облусунан, ата-энеси менен бирге Орусиянын жарандыгын алып, Кыргызстандан көчүп кетишкен.

Маркумдун сөөгү 23-мартта Кыргызстанга келет. Акыркы сапарга Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынан узатылат.

Жарандык активист Амантур Манапбаев Украинада орус армиясы тарыхый адилеттик үчүн күрөш жүргүзүп жатат деп эсептейт.

«Адам баласы өз тарыхында көптөгөн согуштарды көргөн. Бул бир жагынан империалисттик позициялардын айынан согуш ачуу болсо, экинчи жагынан постсоветтик мамлекеттердин чек арасында тарыхый адилеттик үчүн күрөшүү болуп жатат. Бул күрөштү Орусиянын эли жүргүзүп жатат. Жок дегенде биз бүгүнкү күндө туура позицияны карманышыбыз керек. Ошол Украинада болуп жаткан согуш — неонацизмге жана фашизмге каршы согуш».

Бишкекте буга чейин бир нече жолу Орусиянын саясатын айыптаган, Украинаны колдогон акциялар өткөн. Соңку 17-мартта болгон ушундай эле акцияга укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында чыгышкан.

Аларды милиция кармап, Биринчи Май райондук соту «майда бейбаштык» беренеси менен тергөө иштерин жүргүзгөн. Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова жана Азиза Абдрасулова аталган берене боюнча кайра акталышкан.

Ал эми Токтонасыров тыюу салынган жерде акция өткөргөнү үчүн «укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө» беренесинин негизинде 3 миң сом айыпка жыгылган.

Жарандык активист Айбек Турдалиев өткөрүлгөн акция өлкөнүн саясатына каршы келет деген ойдо. Себеби мамлекет бул кырдаалда нейтралдуу позицияда экенин билдирген.

«Бүгүнкү өткөн согушту колдоо митинги биздин өзүбүздүн Кыргызстандын саясатына каршы келет. Себеп дегенде, «согушту токтотуу» деген акция негизинен «согуш жалпы токтосун» деген өңүттө чакырыктар чыгып жатат. Ал эми согушту кубаттоо, арийне Кыргыз Республикасынын позициясын чагылдыргандай туюлат. Ошол себептен бүгүнкү өткөн митинг биздин өкмөтүбүзгө, биздин мамлекетибизге карама-каршы чыккан позиция болуп калат».

Турдалиев өткөрүлгөн акция өлкөгө залакасы тийип калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Митингге чыккандардын арасында окуучулар да бар экени айтылды. Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы учурда окуучулар каникулда экенин, директорлорго түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM