Connect with us

«Суу тармагына бюджеттен каражат аз бөлүнүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Мар 2022 | 361 | 0

Калкты таза суу менен камсыз кылууда донорлордон сырткары республикалык бюджеттен жыл сайын каражат бөлүнүп турат. Бул тууралуу Суу департаментинин өкүлү Шамшиддин Халов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Негизи суу маселесине Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС), Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам Өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду көңул буруп, каржылап, долбоорлор аркылуу айыл аймактарга суу чыгарып берип келишет.

Ал эми республикалык бюджеттен таза сууга 2016-жылдан бери акча бөлүнөт. Былтыр 500 миллион сом каралган. Халовдун айтымында, бул акча жетишсиз болууда.

Быйылкы жылдын эсебинен азырынча 100 миллион сом бөлүнгөн, жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 500 миллиондон ашары пландалууда.

Быйылкы планга республикалык бюджеттен 103 айылды суу менен камсыз кылууга 86 объект каралган. Алардын долбоордук-сметалык кагаздары даяр болгонун, көпчүлүгүндө иш башталып, бирок убактылуу токтоп турганын маалымдады Халов.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM