Connect with us

Халов: Айылдарга таза суу чыгарууда көптөгөн көйгөй бар

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Мар 2022 | 361 | 0

Кыргызстандыктарды таза суу менен камсыз кылууда бир топ көйгөй бар. Бул багытта көп убактан бери иштер аткарылып келгени менен абал дале оң жакка бурулбагандай көрүнөт. Суу департаментинин өкүлү Шамшиддин Халов ал кандай көйгөйлөр экенин «Маралдын» эфиринде айтып берди.

Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрдүн көбү дотацияда отурат. 2000-жылдан 2014-жылга чейин аймактарды таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун биринчи этабы бүткөн. Бирок аткарылган иштерди эксплуатация кылуу сыяктуу алдыга жылдыра турган иштер так аткарылган эмес. Буга кадрлардын жетишсиздиги жана айыл өкмөттөрдүн шалаакы мамилеси себеп болгон.

«Азыркы тапта бизде таза суу менен камсыз кылууга 50 миллиардга жакын акча бөлүнүп, жумшалып жатат. Биздин эң негизги максатыбыз: долбоорлорду ишке ашырып, андан кийин курулуп бүткөн системалар алдыда узак мөөнөттө иштеп кете ала тургандай, элге пайда алып келе тургандай шарттарды түзүп берүү. А эгерде курулуп берилген системалар иштетилбей, ошол бойдон кала турган болсо, көп убакыт өтпөй жарылып, жарактан чыгат. Бизде айрым учурларда ушундай болуп калууда. Канчалаган акча текке кеткендей болуп жатпайбы», — деди ал.

Халов белгилегендей, алдыга коюлган негизги максат: ар бир айылга таза суу киргизүү. Таза суу маселеси чечилгенден кийин саркынды суу көйгөйү чечилет. Мамлекет буга өзгөчө көңүл бурушу керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM