Биз менен байланышыңыз

Көкбөрү: «Ынтымак» командасы чемпион аталды

Кыска кабар , Спорт | 21 Мар 2022 | 887 | 0

Бүгүн, 21-мартта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште “Ынтымак” командасы жеңишке жетти.

Жогорку лиганын финалында “Ынтымак” жана  “Сары-Өзөн” командалары беттешкен. Оюнда 4-1 эсебинде “Ынтымак” командасы жеңишке жетти. Ал эми «Сары-Өзөң» командасы 2-орунга ээ болду.

Жогорку лигада биринчилик үчүн 6 команда ат салышты. 3-орунду «Достук», 4-орунду «Ала-Тоо», 5-орунду «Мурас», 6-орунду «Көк-Жал» командасы алды.

Нооруз майрамына арналган республикалык ат оюндарынын негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарында, андан сырткары Баткен шаарында да болуп өттү. Баткендеги көкбөрү мелдешине жалпы 12 команда ат салышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM