Биз менен байланышыңыз

Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө алынды

Кыска кабар | 20 Мар 2022 | 274 | 0

Бүгүн, 20-мартта саат 11:00дө Сосновка транспорттук көзөмөл пунктунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу  Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы.

«Төө-Ашуу ашуусунда бир аз кар жаайт. Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын аба ырайынын туруксуздугуна жана кар көчкү түшүү ыктымалдыгына байланыштуу Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашууларга баруудан карманууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Туруксуз аба ырайына байланыштуу Транспорт министрлиги оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын тыгынды жаратпоо үчүн ашуу тилкелеринен өтпөөнү суранат. Ошондой эле кар көчкү түшүү ыктымалдыгы бар, кар көчкүгө кабылбоо үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактаңыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM