Биз менен байланышыңыз

Швейцариянын президенти Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2022 | 230 | 0

Швейцария Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылууга же сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу конфедерациянын президенти Игнацио Кассис билдирди.

«Швейцария эки өлкөгө ортомчулук кылууга же сүйлөшүүлөрдү кабыл алууга даяр», — экенин Кассис РТС телеканалына билдирген. Анын айтымында, «Швейцария бейтараптуулук позициясын колдойт».

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 16-мартта РБК телеканалына курган маегинде ага швейцариялык кесиптештери Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылуу сунушу менен кайрылышканын билдирген.

Швейцарияда акыркы аптада өлкөнүн Орусияга каршы санкцияларга катышуусу анын бейтарап статусуна туура келеби же жокпу деген кызуу талкуу жүрүүдө. Берндин санкциялар боюнча позициясын өкмөттүн курамына кирген Швейцариянын Элдик партиясынын жергиликтүү саясий ардагер стратеги Кристоф Блочер катуу сынга алды.

«Швейцария нейтралдуу өлкө катары Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга өзгөчө салым кошо алмак», бирок, Орусияга каршы санкцияларды киргизүү менен бул мүмкүнчүлүктү ойлонбой колдон чыгарды», — деди ал NZZ телеканалына берген маегинде.

Ошондой эле орус өкмөтү 7-мартта Орусияга, анын компанияларына жана жарандарына карата санкция киргизген чет мамлекеттер менен аймактардын тизмесин жарыялаган болчу. Аталган тизмеге Швейцария  да кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM