Биз менен байланышыңыз

Баткенде Ноорузга карата ат оюндары өтүп жатат (сүрөт)

Кыска кабар , Спорт | 20 Мар 2022 | 623 | 0

Баткенде Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндары өтүп жатат. 17-мартта Баткен шаарындагы ат майданда көк бөрү оюну башталган. Мелдешке Ош шаары, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан жалпы 12 команда катышууда. Финалдык беттеш 21-март күнү болот. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары 20-21-мартта спорттун эр эңиш, салбуурун түрлөрү боюнча мелдеш өтөт. Ошондой эле бүгүн-эртең кыргыз улуттук классикалык күрөшү болот.

Быйылкы Нооруз майрамы Баткен облусунда республикалык деңгээлде өтүп, ага президент Садыр Жапаровдун да катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле Нооруздун урматына 1 тонна сүмөлөк кайнатылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM