Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда «Кайырчы» рейди өткөрүлүп, 37 лөлү кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 1003 | 0

Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад шаарында 37 лөлү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Шаардык милиция кызматкерлери жүргүзгөн «Кайырчы» аталышындагы рейд учурунда көчө бойлоруна, көпүрөлөргө, жер өтмөктөргө туруп алышып, жол тыгындарын жана жарандарга ыңгайсыздык жараткан 37 лөлү табылган. Алардын арасында 7 жаш бала да болгон.  

Кармалгандар Жалал-Абад ШИИБне жеткирилип, манжа издери алынган. Тактоо учурунда алардын көпчүлүгү Ош облусунун ар кайсы аймагынан келишкени белгилүү болгон. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM