Биз менен байланышыңыз

Зеленский менен украин эли «Нобель» сыйлыгына көрсөтүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 612 | 0

Европалык саясатчылар Зеленский менен украин элин «Нобель» сыйлыгына сунушташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, украин лидерин сыйлыкка Европанын мурдагы жана азыркы саясатчылары көрсөткөн.

Алар комитеттен «Нобель» тынчтык сыйлыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтүн ушул жылдын 31-мартына чейин узартууну суранышкан.

«Тарыхый окуяларды эске алып, биз эл аралык сыйлыктын комитетин 2022-жылдагы «Нобель» Тынчтык сыйлыгына көрсөтүү процессин кайра ачууга жана карап чыгууга чакырабыз. Бул нерсе процедураны бузуу экенин билебиз, бирок, ошого карабай  Украинадагы абалды актуалдуу деп эсептейбиз. Учурда Орусия ачкан согуштан аман калган украин элинин эрдигине күбө болуп жатабыз. Украинанын президенти Владимир Зеленскийден баштап карапайым адамга чейин демократияны жана көз карандысыздыкты сактоо үчүн күрөшүп жатышат», — деп айтылган алар жазган катта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM