Connect with us

«Кургак учуктан дарынын жардамы менен гана айыгууга болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Мар 2022 | 462 | 0

Кургак учуктан атайын дарылардын жардамы аркылуу гана толук айыгууга болот. Бул тууралуу фтизиатр Илгиз Абдрасулов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кургак учукка чалдыккандар элдик медицинаны, түрдүү ыкмаларды колдонушат. Бирок алар илдеттен толук арылууга жардам бербейт.

Кургак учукка кабылган бейтап дарылоонун толук курсун алышы керек, токтотуп коюуга болбойт.

Кургак учук тукум куубайт. Илдетке кабылган бейтап убагында дарыланбай жүрүп, үй-бүлө мүчөлөрүнө да жугузат. Натыйжада бир үй-бүлөдө 3-4 адам ооруп калгандыктан, «тукум кууйт» деген ой жаралат.

Кургак учук кол кармашып учурашканда, буюмдарды кармаганда жукпайт. Убагында дарыланбаган бейтап жөтөлүп, чүчкүргөн учурларда гана аба аркылуу тарайт.

Илдеттин белгилери: жөтөл, дене таптын көтөрүлүшү, чарчоо, түн ичинде тердеп, алсыроо. Кургак учук жаш тандабайт. Иммунитеттин түшүп кетиши, витаминдүү тамактанбоо илдетке жол ачат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM