Connect with us

Кургак учуктун ачык түрү аба аркылуу жугат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Мар 2022 | 625 | 0

24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет. Буга байланыштуу дүйнөнүн дээрлик көпчүлүк өлкөсүндө бир айлык өнөктүк жарыяланган. Алардын катарында Кыргызстанда да бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу фтизиатр Илгиз Абдрасулов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Бир айлыктын алкагында кургак учукка чалдыкпоо, сактануу чараларын көрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сурамжылоо өткөрүлөт, социалдык роликтер көрсөтүлөт.

Кургач учук – кооптуу жана көп убакыт дарылана турган жугуштуу оору. Илдеттин белгилери: 2 жумадан ашык убакыт жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, чарчоо, түн ичинде тердеп, алсыроо. Бул оорудан дүйнө жүзүндө жылына миллиондогон адам көз жумат.

Кургак учуктун ачык түрү адамга аба аркылуу жугат. Бирок бейтап дарыланса, айлана-чөйрөдөгү адамдар үчүн коркунуч жаратпайт. Андыктан илдеттин белгилери бар адамдар өз убагында дарыгерге кайрылышы керек.

Кургак учук жаш тандабайт. Иммунитеттин түшүп кетиши, витаминдүү тамактанбоо илдетке жол ачат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM