Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы 25 жер тилкени мамлекетке кайтарып алды

Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 256 | 0

Бишкек мэриясы Түштүк магистралдын боюндагы Масалиев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки 25 жер тилкени муниципалдык менчикке кайтарып берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Ленин райондук прокуратурасы 25 тилкеге берилген документти жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыз жазган. Райондук сот арызды канааттандырып, баардык жерди мамлекетке өткөрүү чечимин кабыл алган. Бирок шаардык сот алардын айрымдарын жокко чыгарган.

Андан соң иш Жогорку Сотко өтүп, алар райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Жыйынтыгында, 32а муниципалдык аймагында жайгашкан 10 жер тилке мамлекетке толук өттү, ал эми 15 жер боюнча соттук териштирүүлөр дале уланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM