Биз менен байланышыңыз

«Депутаттар КТРКны бир ай талкуулабай, калкка зарыл мыйзам жазышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Мар 2022 | 524 | 0

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш КТРКнын улуттук же коомдук макамын бир ай талдабай, орчундуу маселелерге көңүл буруп, натыйжалуу мыйзамдарды кабыл алышы керек. Мындай пикирин саясатчы Мавлян Аскарбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал мамлекетте турак жай боюнча бир да мыйзам иштелип чыга элегин сынга алып, мындан улам жарандар жана ишкерлер көптөн бери алданып келе жатканын эске салды.

«Конкреттүү жазылган турак жай мыйзамы болушу керек. Анда кооперативдер, курулуш компаниялары жана үлүшкө кирип там салып жаткан компаниялардын иштөө принциби жана ирети так жазылышы керек. Мындай мыйзамдын жоктугунан канчалаган жаран алданып жүрөт. Ошондуктан Жогорку Кеңештин депуттары бүгүнкү күндө КТРКнын «коомдукпу же улуттукпу» деген бир сөзүн бир ай талдабай, ушул сыяктуу орчундуу маселелерге тез арада чара көрүшү керек. Отуруп сүйлөшүп, тажрыйбалуу адистерди чакырып, бул маселени талдап, чечүү жолдорун табышы керек», — деди ал.

Ал 100 миңдей жаран кыйналып жүргөнүн, турак жак кооперативине алданып калгандардын болжолдуу саны 10 миңден ашык экенин айтты.

Жергиликтүү бийликтин жана өкмөттүн бул багытта конкреттүү иш-планы жок болгондуктан, акыркы акчасын берип салып, аягы батирсиз калган жарандардын маселеси дагы деле чечилбей келе жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM