Биз менен байланышыңыз

«Аңчылыкка мораторий киргизилсе, туристтердин агымы азайбайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Мар 2022 | 337 | 0

Айрымдар аңчылыкка мораторий жарыяланса, туризм тармагына сокку болорун айтып келишет. «Илбирс» фондунун төрагасы, эколог Заирбек Кубанычбеков «Маралдын» эфиринде бул маалыматты четке какты.

Анын маалыматына караганда Кыргызстанга жылына 200-300 аңчы турист келет.

Экономикалык жактан салышытырып алып караганда, бир аңчы туристтен түшкөн акча 100 жөнөкөй туристтен түшкөн акчаны жаап коет. Бирок Кубанычбеков баары бир сокку болот дегенге кошулбайт.

«Браконьерликти жергиликтүү аңчылар кылып жатпайбы. Акыркы 10 жылды карап көрсөк, мыйзамсыз аңчылык менен кыргызстандыктар чет өлкөлүк жарандарга караганда кыйла көбүрөөк кармалган. Биз өзүбүз жасап алып, башкаларга түрткөндү жакшы көрөбүз», — дейт ал.

Туристтердин агымы азайбай турганын белгилеп, азыркы тапта «фотограф аңчылар» көбөйүп жатканын маалымдады. Буга байланыштуу Кыргызстанга «фотограф аңчылардын» саны көбөйөрүн, туризм тармагына пайда болорун кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM