Биз менен байланышыңыз

«Аңчылык департаментинде мыйзамсыз иштер жасалып, коррупция күч алган»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Мар 2022 | 224 | 0

Кыргызстандагы аңчылык чарбаларга Экология министрлигинин алдындагы Аңчылык департаменти көзөмөл жүргүзөт. Бирок департаменттин кызматкерлери мыйзамсыз аракеттерди жасап, коррупцияга жол берип келишет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Депутаттын айтымында, департамент чет элдик аңчыларга «кызыл китепке» кирген жан-жаныбарларды, аңчылык кылууга тыюу салынган жандыктарды аттырууга лицензия сатып, уруксат берип келишет.

«Департамент: «Башка жакта деле атып жатышпайбы?» — дейт. Туура, башка жерлерде да мындай учурлар бар, бирок ал жакта система жөнгө салынган да, жарандардын мамилеси башкача да. Биздикилер акча табуу максатында «кызыл китепке» кирген жаныбарларды аттырууга уруксат берип жатышпайбы. Чет элдик аңчыларда күнөө жок, күнөө өзүбүздө», — деди ал.

Андан тышкары чет элдик аңчылардан түшкөн каражат канча жылдан бери бир да пайдалуу жакка жумшалбаганын, ал аңчылык департаментинде эле ич ара бөлүштүрүлүп, жок болуп кетерин кошумчалады Токтошев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM