Биз менен байланышыңыз

Ыдык көрсөтүүгө каршы маалыматтык өнөктүк башталды

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 211 | 0

Социалдык тармактарда ыдык көрсөтүүгө каршы маалыматтык өнөктүк башталды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Демилгени шоу-бизнес өкүлдөрү, активисттер, журналисттер колдошту. Медиа өнөктүктүн алкагында ыдык көрсөтүү эмне экенин түшүндүргөн видеороликтер даярдалып, сүрөтчү Татьяна Зеленская бир катар иллюстрацияларды тарткан.

Акциянын негизги максаты: коомчулукка ыдык көрсөтүүнүн түрлөрү тууралуу маалымат берүү жана ал пайда болгондо кантип коргонуу керектигин айтуу.

БУУнун маалыматы боюнча, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. Жогорку Кеӊеште жумуш ордундагы ыдык көрсөтүүдөн коргоо боюнча мыйзам долбоору каралууда. Ал кабыл алынса иш берүүчүлөр кызматкерлерди жумуш ордунда ыдыктан коргоо үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүп берүүгө жоопкерчиликтүү болушат.

Маалыматтык кампанияны жайылтуу үчүн төмөнкү хештегтер менен бөлүшүп, пикир калтырыңыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM