Биз менен байланышыңыз

Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеште ант берди

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 423 | 0

Бүгүн, 16-мартта Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында ант берип, депутаттык кызматына расмий киришти.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Элвира Сурабалдиеваны Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттап, ага төш белги жана күбөлүк тапшырган.

Айта кетсек, Элвира Сурабалдиева парламенттик кайра шайлоодо №27 Биринчи Май округунан 47,97% добуш алып, жеңүүчү деп табылган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов округдарында «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Буга байланыштуу ушул жылдын 27-февралында кайра шайлоо өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM