Биз менен байланышыңыз

Ошто S-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиев кармалды

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 628 | 0

Ош шаарында S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарына бул кооператив убада кылган үйүн алалбай жатышканын айтып, 24 жаран арыз жазган.

Мунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) менен иш козголуп, шектүү катары S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси 1994-жылы туулган Бакыт Алиев кармалып, 48 саатка камакка алынды.

Тергөөнүн жүрүшүндө S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин Түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылып, ушул жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө иш алып барганы такталган. Бул убакыт аралыгында кооперативге жалпысынан 102 жаран үй алуу максатында кайрылып, алар мүчө (пайщик) катары келишим түзүшүп, баштапкы төлөмүнө (вступительный взнос) 218 миң сом, андан сырткары алына турган үйдүн баасынан 25%, 35% жана 50%ын беришкен.

Жарандардын төлөм квитанциялары далил катары тергөө материалдарына тиркелди. Алар жалпысынан 40 млн сомдон ашуун чыгымга учурашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM