Биз менен байланышыңыз

УКМК: Курулуш компаниялардын биринин башкы директору кармалды

Без рубрики , Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 227 | 0

УКМК «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаарындагы филиалынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери, жеке нотариусттардын жана курулуш компаниялардын биринин башкы директору катышкан туруктуу кылмыштуу топтун бети ачылганын кабарлады.

Кылмыштуу топ Бишкектеги бир катар кыймылсыз мүлкү бар жарандарды аныктап, аларга айтпай жасалма келишимдерди түзүп, ошону менен кыймылсыз мүлктүн ээлерин алмаштырып, андан кийин бул аракеттерин жаап-жашыруу үчүн “Кадастр” ишканасынын кызматкерлерине пара берип жүрүшкөн. Алар кыймылсыз мүлктүн электрондук базасына жалган маалыматтарды киргизишкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, курулуш компаниянын биринин башкы директору А.М. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин ушул ишке окшогон фактыларын аныктоо иштери улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM