Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Түркмөнстандын президентин биринчилерден болуп куттуктады

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 558 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар бекемдей турганына ишеним артты. Мындан тышкары, Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

«Ишенимдүү жеңишиңиз түркмөн элинин сизге болгон ишеничинин жогорку деңгээлин ырастайт. Сиздин жетекчилигиңиз менен боордош Түркмөнстан өзүнүн өнүгүү жолунда чоң ийгиликтерге жетишет деп терең ишенем. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берет деп ишеним артам. Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырам», — деп айтылат куттуктоодо.

15-мартта Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Шайлоодо тогуз талапкер ат салышкан. Алардын ичинен учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов 72,97% добуш алган.

40 жаштагы Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын үчүнчү президенти жана Борбор Азиядагы эң жаш президент.

Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-мартта өткөн. Ага шайлоочулардын 97, 17%ы катышканы маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM