Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бишкекте мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 522 | 0

Мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

3-мартта Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан «Тихий-Замок» мейманканасынын жер төлөсүндө «Түндүк электр» электр тармактарына мыйзамсыз кошулган 150дөн ашык техникасы бар «криптовалюта» өндүрүү үчүн жабдылган майнинг-ферма табылды.

Шектүү катары 1997-жылы туулган Х.Р.Р. аттуу жаран аныкталган.

Белгилей кетсек, өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен «Улуттук электр холдинг» компаниясы тарабынан «майнинг» өндүрүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салынган.

Учурда тиешелүү иликтөө, мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM