Биз менен байланышыңыз

Министр: Кумшекер жана өсүмдүк майы соода түйүндөрүнө арзан баада жеткирилет

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 766 | 0

Кыргызстанда ун, май жана кумшекердин запасы жетиштүү. Бул тууралуу 15-марттагы маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Ал кумшекер менен майдын баасы арзандай турганына ишендирди.

«Дүкөндөрдө азык-түлүктүн азайышы жана баасынын жогорулашы байкалууда. 1 млн кг кумшекерди өлкөнүн соода түйүндөрүнө таркатып жатабыз. Кумшекердин сатылышы 1 кг 70 сомдон болот. Мындан сырткары өсүмдүк майынын тартыштыгы болот деген да сөздөр тараган. Азыр 500 миң литр өсүмдүк майын соода уюмдарына жеткирүүдөбүз. Анын 1 литри 130 сомдон сатылат», — дейт министр.

Акыркы эки-үч күндө өлкөдө кумшекер жана өсүмдүк майынын баасы жогорулап, эл дүрбөлөңгө түштү.

Министрдин маалыматына караганда, калктын аярлуу катмарына акысыз 11 миң 467 тонна ун берилген. Ал 230 миң үй-бүлөнү түзөт. Бүгүнкү күндө иш уланууда, 7 миң тоннага жакын ун таратылды.

«Азыр ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүктүн баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Андыктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Запастар толукталып турат. Мамлекет тарабынан акча бөлүнүп жатат», — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM