Connect with us

Эркебаев учурдагы кырдаал боюнча өкмөт көрө турган чараларды белгиледи

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Мар 2022 | 516 | 0

Дүйнөдөгү кырдаал Кыргызстандын экономикасына сокку уруп, кымбатчылык, кризис күндөн күнгө күч алууда. Мындай учурда өкмөт кандай чукул чараларды кабыл алып башташы керектигин «Жаңы Жибек Жолу» соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Азат Эркебаев «Маралдын» эфиринде айтып берди.

Ал өкмөттүн 10 миң доллардан ашык акчаны өлкөнүн аймагынан сыртка чыгарууга бөгөт койгон чечимин колдоду. Ошондой эле мамлекет башчынын топтогон акчаны алтынга алмаштырып кармоо чакырыгын да пайдалуу кеңеш катары сыпаттады.

Эркебаев эми өкмөт экономикалык туруксуздукка туруштук бере ала турган чукул чараларды кабыл алышы керек деп белгиледи.

«Алгач өкмөт валюталык-финансылык рыноктун туруктуулугун камсыздай турган аракеттерди көрүшү керек. Андан кийин бүгүнкү күндөгүдөй башка валюталардын курстары өзгөрүп, «секирип» турган маалда сомдук депозиттерди  кармаган кардарларды колдоо планын ишке ашырышы дагы керек, себеби жарандарыбыздын укугун, кызыкчылыгын коргой турган мезгил келди. Мындан сырткары кризиске каршы комиссия ишкерлер менен тыгыз иш алып барып, алар менен кеңешип, жумушту алдыга сүрөшү керек», — деди ал.

Эркебаев белгилегендей, өлкөнүн ички экономикасын жана инвестиция тартуу саясатын кайра караштырып, реформаларды жүргүзүү зарылчылыгына токтолду. Дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдын кесепети Кыргызстанга пайда алып келе турган мүмкүнчүлүктөрдү карап, жолдорун иштеп чыгуу керек деген сунушун берди. Себеби ар бир кризистик абал кее бир жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM