Биз менен байланышыңыз

Доллар менен акча которууда чектөөлөр кириши мүмкүн

Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 168 | 0

Кыргызстандагы коммерциялык банктар АКШ долларын которууда убактылуу чектөө киргизиши мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкы таратты.

Улуттук банк буга байланыштуу система аркылуу акча которууда банк кызматкерлеринен маанилүү шарттарды тактап алуу зарылдыгын эскертет.

Мындан тышкары Улуттук банк эсеп ачпай туруп да акча которсо болорун билдирет. Бүгүнкү күндө эсеп ачпай акча которгон 12 эл аралык оператор каттоодон өткөн. Булардын айрымдары Орусиянын аймагында иш жүргүзөт:

— Юнистрим;

— Вестерн Юнион;

— Золотая Корона;

— CONTACT.

Мындан тышкары банктык төлөм карталары бар коммерциялык банктардын кардарлары P2P аркылуу ички жана башка төлөм системаларына которууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кыргызстанда «Элкарт» улуттук төлөм системасы Орусиянын «Мир» улуттук төлөм системасы менен зарыл интеграциялык иш-чараларды жүргүзгөн.

Азыркы учурда коммерциялык банктар байланышсыз төлөм технологиясы менен «Элкарт» системасынын карталарын чыгарып жатышат (Элкарт NFC/Элкарт Байланышсыз). Алар бүгүнкү күндө Кыргызстандын чегинен сырткары «Мир» төлөм системасынын тармагында жана «Мир» системасынын өнөктөштөрүнүн төлөм системаларында тейленүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кыргызстандын коммерциялык банктары өздөрүнүн аралыктан орнотулган түзүлүштөрүндө «Мир» төлөм системасынын карталарын тейлей алышат.

Мындан тышкары 2020-жылдан тарта «Мир» системасынын карталарынан «Элкарт» системасынын карталарына акчаларды P2P-которуу долбоору ишке киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM