Бүгүн, 14-марттан тарта орусиялык «Аэрофлот» авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдарын жандантты.
Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Москва (Шереметьево) – Бишкек багыты боюнча каттамдар токтотулгандан кийин «Манас» аэропортуна биринчи каттам 14-мартта саат 16:10до учат.
«Аэрофлот», S7 (Сибирь) авикомпаниялары эл аралык каттамдарын убактылуу токтоткон.