Connect with us

«ЖОЖдун мугалимдери коррупцияга көнүп калышкан»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2022 | 846 | 0

Өнүккөн мамлекеттерде илимий изилдөө, жаңы идеяларды ойлоп табуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасы жогорку окуу жайларга тиешелүү. Кыргызстанга да ушундай система киргизүү сунушталган, бирок биздеги абал такыр башкача. Мындай пикирин Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал өлкөдөгү ЖОЖдор мугалимдердин квалификациясын жогорулатмак тургай, адисти да тыңгылыктуу даярдабай жатканын сынга алды.

«Студентти адис катары жакшы даярдай албаган ЖОЖго кантип мугалимдин квалификациясын жогорулатуу системасын берүүгө болот? Биз көптөгөн долбоорлорду даярдап мугалимдерди чакырабыз, бирок ЖОЖдун мугалимдери такыр келбейт. Алар көбүрөөк коррупцияга аралашып алыптыр. Жанталашып, өзүн өнүктүрүп иштегендин ордуна бир жерде эле отуруп, сессия учурунда акча табуунун кыныгын алып бүтүшүптүр», — деди ал.

Токтомаметов бүгүнкү күндө билим берүү системасын, айрыкча педагогдорду даярдоо системасын түп-тамырынан өзгөртүү керек деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM