Биз менен байланышыңыз

«Кочкордогу мугалимдин өлүмүнө бийлик да, коомчулук да күнөөлүү»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2022 | 398 | 0

11-мартта Кочкор райондагы Ак-Чий айылынын тургуну, 1968-жылы туулган Г. Ч. аттуу мугалим асынып каза тапты. Ал ошол айылдагы мектепте башталгыч класстарга сабак берип келген. ЖМКларда тараган маалыматка караганда, райондук прокуратура мектеп мугалимдеринин дипломун текшерип, Г. Ч.нын дипломун жасалма деп табышкан. Андан соң прокуратурага чакырышкан. Көзөмөл органы экинчи жолу чакырганда анын асынып каза тапканы белгилүү болгон.

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмаз Токтомаметов «Маралдын» эфиринде бул окуяга бийлик өкүлдөрү да, коомчулук да күнөөлүү деп белгиледи.

Анын айтымында, бийлик убагында мугалимдерге жетиштүү көңүл буруп, камсыз кыла албай, тажрыйбалуу педагогдор кетип калган.

«Андан кийин бийлик мугалимдерди «эптеп» кармап келди. Мындан улам педагогдор да «эптеп» диплом алып, мугалим боло башташты. Бул окуяда бир тарапты күнөөлөгөндөн алысмын, себеби комплекстүү кароо керек, бул — чоң маселе», — деди Токтомаметов.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети быйыл январдан тарта бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун текшерүүнү баштаган. Атайын кызмат жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз, жасалма жол менен даярдоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM