Биз менен байланышыңыз

Токтомаметов: Мектептерге психолог зарыл болуп турат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2022 | 417 | 0

Кыргызстанда психологиялык абал оор. Мындан улам мектептерге психолог штатын киргизүү кескин түрдө керек болууда. Бул тууралуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Азыркы тапта психолог штатын Бишкек жана Ош шаарларындагы айрым мектептер жергиликтүү бюджеттин эсебинен киргизүүдө. Бирок мамлекеттик деңгээлде республикалык бюджеттен каржылоо иштери жүрбөй жатат.

Токтомаметовдун айтымында, психологиялык жардамга окуучулар гана эмес, мугалимдер да, ата-энелер да муктаж.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM