Connect with us

«Кыргызстанда демократия аз болгону үчүн коомдук-саясий туруксуздук күч алууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2022 | 807 | 0

Өнүккөн мамлекеттерде бийлик да, коомчулук да демократиялык баалуулуктарды бекем сактап, ошол принциптер менен жашайт. Бул тууралуу саясат таануу жана социология илимдеринин доктору, дин изилдөөчү Руслан Жалил «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, демократияны карманган мусулман өлкөлөрдө өнүгүү бар. Ал эми Сирия сыяктуу демократиялык эмес мамлекеттер артта калып жатат.

«Биздин коомчулукта демократиялык принциптер боюнча туура эмес түшүнүк пайда болуп калган. Демократиялык принциптер – бул мамлекетте болуп жаткан саясий процесстер жарандардын көз алдында, көзөмөлүндө болгон режим. Бизде демократиялык принциптер каралган. Орто Азияны алсак, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча салыштырмалуу алдыда келе жатат. Ошол эле учурда коомчулук өз чечимин бийлик өкүлдөрүнө ачык сунуштай алганы демократиянын принциптерине кирет», — деди ал.

Социолог коомдо демократия «өзүм билемдикке салуу, башаламандык уюштуруу» деген түшүнүк катары калыптанып калганын эске салып, демократия жарандын мыйзам чегинде эркин жүрүүсү экенин түшүндүрдү.

«Коомчулук демократия боюнча маалыматты көбүрөөк алып, издениши керек. Бизде көбү «Кыргызстанда демократия болгону үчүн саясий жана коомдук туруксуздукка туш болдук» деп айтышат. Мен муну четке кагып, андай эмес дейт элем. Тескерисинче, демократия принциптери аз болгону үчүн ушундай абалга күбө болуп турабыз», — деп кошумчалады ал.

Эгерде өлкөдө демократиялык принциптер так сакталса, саясий жана коомдук туруктуулук да, өнүгүү да болот.

Copyright © 2017 Maral FM