Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банктын 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.
Акылбек Жапаров 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, каржы рыногун өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.
«Бул — фондулук рыноктогу процесстерди жана кызматтарды санариптештирүү, финансылык маркетплейсти ишке киргизүү, мамлекеттик банктарды кошумча капиталдаштыруу, ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүү жаатында актуалдуу саналган санариптик сомду тестирлөө», — деди Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, учурда орун алган геосаясий абалда тышкы каржылык рыноктордо Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөштөрү саналган өлкөлөрдүн валюталарынын курсунун жогорку туруксуздугу байкалууда.
«Улуттук банктын алдында тийиштүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун сактоо боюнча жооптуу милдет турат. Бул жагдай Улуттук банктын улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, финансы-банк тутумунун туруктуулугун камсыздоо, ошондой эле калктын финансылык институттарга болгон ишенимин сактоо боюнча ишти уланта турган финансылык институт катары маанилүүлүгүн көрсөтүп турат», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.