Биз менен байланышыңыз

Шабданалиев: Экспорт кылууга мамлекет көңүл бура элек

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2022 | 267 | 0

Акыркы эки жылда бизде айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо көбөйдү. Буга биздин азык-түлүккө Орусиянын суроо-талабы көбөйгөнү, жергиликтүү ишкерлердин көмөгү менен логистиканын өнүгүп жатканы себеп болууда. Бул тууралуу Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, логистиканы өнүктүрүүгө мамлекет көңүл бура элек. Буга өкмөттүн деңгээлинде саясат жүргүзүлүп, системалуу чара көрүлүшү зарыл.

«Мисалы, Кытайда мындай саясат жүрөт. Алар үчүн экспорт – ыйык нерсе. Экспортко ар бир мамлекеттик кызматкер жардам берет. Алар бул ишке өтө кызыкдар. А бизде бардык тоскоолдукту уюштурган мамлекеттик кызматкерлер болуп жатпайбы. Текшерүүчү органдар жок нерсени талап кылып, бут тосууларды «укмуштай» жасашат», — деди Шабданалиев.

Айыл чарба продукциясын эскпорттоого эки гана документ керектелет: эсеп-фактура жана жеткирүү келишими. Токтом боюнча ушул эки документ менен азык-түлүктөрдү алып чыгууга уруксат берилет.

Ал эми Шабданалиев белгилегендей, Бажы кызматы 17 документ талап кылат. Ал 17 документти башка өлкөлөр да сурайт, бирок Кыргызстандагыдай бюрократия орун алган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM