Биз менен байланышыңыз

«Сүткорлукка бөгөт койгон мыйзам алсыз болуп жатат»

Саясат | 11 Мар 2022 | 777 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы «Сүткорлукту чектөө жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча атайын талкуу өткөрдү. Анда Кыргызстанда сүткорлук күчөп, карапайым калк өтө жогорку пайыздар менен насыя алып жатканы талкууланды. Ошондой эле ломбарддардын, «Акчамат», «Сомо»  жана башка акча берүүчү жайлардын жүргүзгөн иши талкууланды. Жыйында депутаттар Улуттук банкка жана Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматына нааразычылыгын билдиришти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жума күнү Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы «Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча Улуттук банктын маалыматын укту.

Жыйында баяндама жасаган Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында орточо салмактагы номиналдык чен 16,40%ды түзүп, чектүү жол берилүүчү өлчөм 5%га төмөндөтүлгөнүн айтты.

«Банк иштери жана микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамга ылайык, көрсөтүлгөн кызматтар, пайыздык чен жана комиссиялык төлөмдөр каржы-кредиттик уюмдар тарабынан өз алдынча белгиленет.

«Ушул мыйзам чыккандан бери 8 жылдын ичинде кредиттин өлчөмү 5%га төмөндөдү. Биз Улуттук банк башка мыйзамдар менен жаңы чектөөлөрдү киргиздик. Ошондой эле Улуттук Банк жеңилдетилген пайыз менен насыя берүү үчүн кредиттик аукциондорду берген».

Мыйзам боюнча коммерциялык банктарга жана ири каржылык уюмдарга 30.94%дан ашык чен менен насыя берүүгө чектөө коюлган.

Жыйында депутат Камила Талиева бүгүнкү күндө акча берүүчү терминалдар жана ломбарддар мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөй, карапайым калк жапа чегип, укугу корголбой жатканын белгиледи.

«Сомо» латвиялык болуп чыкса, «Акчамат» казакстандыктарга таандык экени белгилүү болду. «Сомону» сентябрда бир катар басылмалар алып чыккандан кийин жабылды эле, бирок азыр «Ош» базарда терминалы иштеп жатыптыр. «Акчаматтан» алгандардын пайызы да 600-700гө чыгып кетет экен. «Глобустарга» эмнеге кезек көп десеңер, «Акчаматтан» 1000 сомдон 10 миң сомго чейин алып отуруп, канчалаган адамдын жашоосу бузулуп жатат. Ломбард жана ушуга окшогон терминалдар мамлекетке бир тыйын төлөбөйт». 

Ошондой эле Талиева ломбард ачуунун шарттарын татаалдаштырууну сунуштады. Кыргызстанда жалпы 390 ломбард бар. Алардын 157си Бишкекте иштейт. Ломбард ачуу үчүн капиталга болгон талап 500 миң сом, андан тышкары лицензия алуу керек. 2017-жылга чейин ломбарддар боюча мыйзам жок болгондуктан уруксатсыз эле иштеп келишкен.

Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров 2017-жылдан баштап ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилгендиктен, ломбарддардын иши көзөмөлдөнбөй келгенин, ошол эле учурда алардын үстүнөн арыз көп түшпөй турганын билдирди.

«Ломбард ачуу үчүн 500 миң сому болсо жетиштүү деп, мыйзамга жазылып калган. Ошондой жеңил шарттар болгон үчүн бизде ломбард көп болуп жатат. 2017-жылдан баштап ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилгендиктен, ломбарддардын иши көзөмөлдөнбөй келген. Тилекке каршы, бизге арыз менен көп кайрылышпайт. «Сомо» боюнча арыз түшкөндөн баштап көп мыйзам бузууну аныктап чыкканбыз. Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, көп адамдын көйгөйү сотко чейинки процедуралар менен бүтүрүлдү».

Марат Пирназаров кошумчалагандай, «Акчамат» насыя берүү терминалдары мыйзамсыз ишкердик жүргүзүп келет. Себеби алар Улуттук банктан жана Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынан тиешелүү уруксат кагаздарын алган эмес.

Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов лицензиясыз иш жүргүзүп жаткан компанияларды аныктоо үчүн Башкы прокуратурага кайрылышканын, жакында биргелешкен текшерүүлөр башталарын маалымдады.

«Биз жөн отурбай мыйзамсыз иш жүргүзгөн компаниялар боюнча маалымат топтоп, прокуратура органдарына кат түрүндө жибердик. Юридикалык экспертиза кылып, кандай чара көрүлө турганын сурап кайрылганбыз. Ошондой эле прокуратура жана милиция кызматына биргеликте рейд өткөрүү сунушун бердик».

Учурда Кыргызстанда 85 микрокредиттик компания, 10 микрокаржылык компания, 87 кредиттик союз бар.

Талкуу маалында депутат Шаирбек Ташиев насыя берүү жана ишкерлерди колдоо жаатындагы маселелерди көтөрдү. Ошондой эле ал мамлекеттик банктар жана каржылык уюмдар коммерциялык жеке банктар менен атаандаша албай келгенине токтолуп, мамлекеттик банктардын бөлүмдөрүн бардык жерде ачып, банкоматтарын да көбөйтүүнү сунуштады.

Андан тышкары ал ломбарддардын иши жөнүндө мыйзамдагы каталарды атады.

«Мыйзамдын 10-беренесинин 7-бөлүгүндө зайымчы күрөөгө коюлган мүлккө карызын өндүрүп алуу милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, ломбарддын талаптары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык соттук же соттон тышкары тартипте жүзөгө ашырылары белгиленген. Бирок бул туура эмес. Соттон тышкары деген эрежени өзгөртүп, жалпы эле аталган мыйзамдагы талаптарды жаңылоо шарт».

Жыйындын соңунда «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы «Сүткорлукту чектөө жөнүндө» мыйзам аткарылган жок деп чечим чыгарды. Ал эми ломбарддар боюнча мыйзамды кайра карап чыкмай болушту.

Copyright © 2017 Maral FM