Биз менен байланышыңыз

Беш жылда жол курууга бөлүнгөн акча 16,5 млрд сомго жетти

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 163 | 0

5 жылдын ичинде жол курууга жана оңдоого бөлүнгөн каржы 10 млрд 139 млн сомдон 16 млрд 543 млн сомго чейин өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

2018-жылга карата каржылоонун жалпы суммасы 10 млрд 139 млн сомду түзсө, аткарылган иштердин көлөмү 558 чакырым болгон. Анын ичинен 374 км жерге асфальт-бетон төшөлгөн.

Кийинки жылы бөлүнгөн каражаттын көлөмү 11 млрд 752 млн сомду түзүп, аткарылган иштердин көлөмү 754 чакырымды түздү (анын ичинен 425 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам аткарылган жумуштун жалпы көлөмү болгону 314,4 чакырымды түзүп, ага 7 млрд 133 млн сом сарпталган.

2021-жылы жолдорду курууга 12 млрд 273 млн сом каралып, 280 чакырым жол курулуп, оңдолгон (анын ичинен 186 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).

Үстүбүздөгү жылга 661,5 чакырым жолду курууга жана оңдоого 16 млрд 543 млн сом бөлүү пландалууда (анын ичинен 406 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).

Министрлер кабинети белгилегендей, жолдорду курууда зарыл болгон жол жээгиндеги инфраструктураны, мисалы, май куюучу жайларды, дааратканаларды, медпункттарды, коомдук тамактануу жайларды түзүүгө каражат каралышы зарыл.

Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу менен жол куруу тармагындагы 11 долбоор ишке ашырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM