«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясынын баштапкы капиталы 2022-жылдын ичинде 117 млн сомго чейин жеткирилет. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
«Ишкердикти өнүктүрүү фондунун» негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
— жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү, иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу үчүн калкка микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү;
— ишкердикти өнүктүрүүгө жана республиканын калкын социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү;
— микрокредиттик компаниянын андан ары иштешинин натыйжасын арттыруу үчүн шарттарды түзүү.