Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын экономикасы 2%, баалар 1,7% өстү

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 251 | 0

Быйылкы жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалоо боюнча 90 млрд сомдон ашып, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2%га өскөнү байкалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта өткөн Улуттук статистика комитетинин маалымат жыйынында айтылды.

«Кумтөр» кенин эсепке албаганда үстүбүздөгү жылы январь-февралында ИДПнын көлөмү 86 млрд сомдон ашып, 2,8%га өскөн.

Мындан тышкары курулушта оң тенденциялар байкалып, көлөмдүн өсүшү 1,9%ды, айыл чарбасында 2%ды, дүң жана чекене соодада 6,3%ды түздү.

2022-жылдын январь-февраль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 47 млрд сомдон ашып, былтыркы жылдын январь-февралына салыштырмалуу 1,5%га азайган.

Химиялык продуктуларды (11%га), резина жана пластмассадан жасалган буюмдарды, башка металл эмес минералдык продуктуларды (9%га), негизги металлдарды жана машиналарды кошпогондо, даяр металл буюмдарын өндүрүү төмөндөгөн.

Быйыл январь-февраль айларында өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу керектөө бааларынын өсүшү 1,7%ды түздү. Азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 1,8%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына 4,4%га, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 1,1%га, башка азык-түлүк товарларга баалар — 1,1% өскөн.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүүсү республиканын бардык аймактарында байкалган. Баанын эң жогорку кымбаттоосу — 2,6% Нарын облусунда белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM