Биз менен байланышыңыз

Темиркулов мөңгүлөрдү сактоо жолун айтып берди

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Мар 2022 | 282 | 0

Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылын өткөрүү боюнча Жол картасы бекитилип, тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Президенттин администрациясынын реформаларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов «Маралдын» эфиринде жогоруда айтылган жол картанын алкагында алгач токойлорго көбүрөөк көңүл буруларын айтып берди.

Токойлор – климаттын туруктуулугун жөнгө салуучу негизги курал. Темиркулов буга төмөнкүдөй жүйө келтирди:

«Токойлорго жетиштүү деңгээлде көңүл бурсак, ал мөңгүлөрдүн эригенин бир топко азайтат. Себеби токой аба нымдуулугун көбөйтөт. Бак-дарак тамырлары менен жер астынан нымдуулукту тартып, жалбырактар аркылуу атмосферага чыгарат. Ал нымдуулук жаанга, карга айланып мөңгүлөргө жаайт. Ошентип мөңгүлөрдүн эригени азаят», — деди Темиркулов.

Буга байланыштуу Темиркулов быйыл токойлордун аянтын кеңейтүү боюнча алгылыктуу иштер алып барыларын айтты.

Белгилүү болгондой, азыркы токойлордун аянты 5,5%ды түзөт. Илимпоздордун айтымында, бул көрсөткүч өтө аз жана жок дегенде 10% болушу керек.

Быйыл «2022-жылды Эл аралык тоолор жылы» деп белгилөө Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM