Биз менен байланышыңыз

Жеке менчикке өтүп кеткен 7 млн сомдук жер тилке мамлекетке алынды

Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 327 | 0

Бакай-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 7 млн 770 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бакай-Ата райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары «Жер жөнүндө» кодекстин талаптарын одоно бузуп, 2.59 гектар жерди менчикке мыйзамсыз чыгарганы, ага «Кадастр» ишканасы тарабынан укуктук акты мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду. 

Прокуратуранын доо арызынын негизинде райондук сот менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкесин мамлекетке кайтаруу чечимин чыгарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM