Бакай-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 7 млн 770 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Бакай-Ата райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары «Жер жөнүндө» кодекстин талаптарын одоно бузуп, 2.59 гектар жерди менчикке мыйзамсыз чыгарганы, ага «Кадастр» ишканасы тарабынан укуктук акты мыйзамсыз берилгени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Прокуратуранын доо арызынын негизинде райондук сот менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкесин мамлекетке кайтаруу чечимин чыгарды.