Кыргызстанда өткөн апта ичинде 19 миң 814 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу 7-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Анын ичинен:
-279 адам мас абалында унаа башкарган,
-айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар 205,
-ылдамдыкты ашырып айдагандар 3139,
-жол белгилерине баш ийбеген 7 миң 362 айдоочу,
-транспорт каражатын пайдалануунун эрежелерин бузгандыгы боюнча 7169 факты,
-жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн 734,
-тонировка үчүн 49,
-ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын айдоочу аткарбагандыгы үчүн — 16;
-автобейбаштык үчүн — 2.
Мындан тышкары 1086 унаа айып жайга коюлган.