Биз менен байланышыңыз

Жаштар арасында өткөн футбол боюнча турнир жыйынтыкталды

Кыска кабар , Спорт | 6 Мар 2022 | 513 | 0

Кыргызстанда алгачкы жолу 25 жаштан 35 жашка чейинки мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, өнөр адамдары, дарыгерлер, мугалимдер, ишкерлер, журналисттер жана башка ар тармактуу жаштардын башын бириктирген «Келечек» кичи футбол турнири болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Турнир Бишкек шаарында 5-мартта «Газпром балдарга» ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп, жалпы 8 команда катышты.

Турнирдин жалпы байге фонду 110 миң сомду түзсө, мындан тышкары «мыкты оюнчу», «мыкты бомбардир», «мыкты дарбазачы», «мыкты коргоочу» жана «мыкты күйөрман» номинациялары да каралган.

Жыйынтыгында 1-орунду «Дарыгерлер» командасы утуп 50 миң сом байге ээ болушту. 2-орунду «Журналисттер» командасы ээлеп, 30 миң сом алышса, 3-орунду «Өнөр» командасы алып, 20 миң сом алышты.

Ал эми 4-орунга «Мамлекеттик кызматкерлер» командасы жетип,  10 миң сом байгеге ээ болду.

Мындан тышкары:

«Мыкты оюнчу»- Мирлан Кубанычбеков (Дарыгер командасы);

«Мыкты бомбардир» — Бекболсун Молдояр уулу (Блогерлер командасы);

«Мыкты дарбазачы» — Азат Сагынов (Мамлекеттик кызматкерлер командасы);

«Мыкты коргоочу» — Адилет Султаналиев (Өнөр командасы);

«Мыкты күйөрман» — Темирлан Ишенов номинациялары берилди.

Кийинки оюн эстафета менен Ош шаарына берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM