Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыска кабар | 6 Мар 2022 | 256 | 0

6-марттан 9-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101 чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Андан тышкары, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Каракол- Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси Казарман-Актаа-Чат унаа жолунун 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу)), кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо менен айдоону эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM