Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согушка 10 күн: окуялар тизмеги

Блог , Дүйнө | 6 Мар 2022 | 810 | 0

Украинадагы абал дагы деле оор бойдон калууда. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Батыш киргизип жаткан санкцияларга карата «бизге карата согуш жарыялоо ыкмасы деп эсептейм, бирок кудайга шүгүр азырынча ал абалга жете элек» деп комментарий берди. Кыргызстандын ТИМи Украинадагы абал боюнча билдирүү жасап, эки тарапты тең токтотуу аракеттери башталбаса, дүйнө кризиске кептелиши мүмкүндүгүн эскертти.

Согуштун 10-күнүнө карата окуялар тизмеги:

  • АКШ президенти Байден ишемби күнү кечинде Украина президенти Зеленский менен телефондо сүйлөштү.
  • Байден АКШ Украинага экономикалык жана коопсуздук жагынан коргонууга жардамын көбөйтө турганын билдирди.
  • Польша бийлиги Украинага колдоо катары аскердик учактарды бере турганы айтылды.
  • Орусиянын өкмөттүк учагы АКШга учуп барды. Аталган учак «персона нон грата» деп жарыяланган дипломаттарды алып келүү үчүн барганы айтылды.
  • Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн башталышына аянтча түзүп берүүгө даяр экенин маалымдады.
  • Орусия президенти Путин өлкөдө «аскердик абал» жарыялабай турганын билдирди.
  • Азербайжанга таандык авиакомпаниялар Орусияга каттамдарын токтотту.
  • Улуу Британия жарандарын Орусиядан чыгып кетүүгө чакырды.
  • Украинанын тышкы иштер министри НАТОну «туруксуз» деп айыптады.
  • Украинанын эң көп жабыркаган шаары Харьковго бүгүн жекшембиде гуманитардык жардам жеткирилери күтүлүп жатат.
  • VISA жана Master Card Орусияда үзгүлтүксүз иштеп жатканын Орусиянын Борбордук банкы билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM