Биз менен байланышыңыз

Согуштун тогузунчу күнү: маанилүү окуялар тизмеги

Блог , Дүйнө | 5 Мар 2022 | 2679 | 0

Орусиянын Украинага аскердик кол салуусу башталгандан бери орус тарап алгачкы жолу ээлеген аймактарда гуманитардык коридорду ачты.  Артта калган тогуз күн ичинде Украинанын бир катар шаарларына авиациялык кол салуулар уланып, украиналык жай тургундар арасында каза тапкандар саны күн санап өсүүдө. Орусия тараптын маалыматында аскердик операция учурунда 2300дөй украиналык каза тапкан. Ал эми Украинанын расмий маалыматында, 10 миңге чукул орусиялык аскер каза болгону айтылат.

Согуштун артта калган тогуз күнүндөгү окуялар тизмеги:

  • Орусияда Фейсбук социалдык тармагы толугу менен блоктолду.
  • Орусия украин тарапка алгачкы жолу гуманитардык коридор берди.
  • The Times басылмасы жеке инсайдерлерге таянып, украин президенти Зеленскийге үч жолу кол салууга аракети болгонун жазды.
  • Орусиянын Думасы «аскердик аракеттер тууралуу фейк маалыматтар» жөнүндө мыйзамды бир добуштан кабыл алды. Ага ылайык фейк маалымат тараткандар 15 жылга эркинен ажыратылат.
  • Украина президенти Зеленский Орусиянын армиясынын негизги бөлүгү толугу менен украин аймагына киргенин жарыялады.
  • НАТО Украинада жакынкы күндөрү абал кескин начарлашы мүмкүн деп билдирди.
  • Түркия Орусиянын учактары үчүн да, Украинанын учактары үчүн да аба мейкиндигин жаппай турганын билдирди.
  • Кыргызстандын украинадагы элчилиги Львов шаарында кыргызстандыктарды эвакуациялоодо.

Путин коңшу өлкөлөрдү Орусия менен мамилени начарлатпоого чакырды

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM